Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

Ошто элдик ыңкылапта курман болгондор эскерилди


Ош обладминистрациясынын жыйындар залында Убактылуу өкмөттү колдоочулар 7-апрелде шейит кеткендердин кыркылыгын жана 14-майда Жалал-Абадда окко учкандарды эскерип, элди чагымчылардын акчасына азгырылбоого, өлкөдө туруктуулук орношуна көмөк көрсөтүүгө, Убактылуу өкмөттү колдоого үндөштү. Алар ошондой эле Убактылуу өкмөттүн кадр саясатын сынга алып, мурдагы бийликтин коррупцияга малынган кадрларын мамлекеттик кызматка койбоо керектигин айтышты.

Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков К.Бакиевдин тарапкерлери дагы эле күчүндө экендигин белгилеп, жыйынга катышуучуларды элдик ыңкылаптын жеңишин коргоп калууга чакырды. Бул тууралуу Оштогу кабарчыбыз билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG