Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, бүгүн акыйкатчы Турсунбек Акун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын убактылуу кармоочу жайында камалган мурдагы президенттин аппарат башчысы Каныбек Жороев, Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Искак Масалиев, мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев менен жолугушту. Анда камалгандар абактын шартына дооматтары жок экендигин, бардыгы адвокат менен камсыз кылынганын, камак боюнча апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышарын билдиришкен. Аларга Улуттук коопсуздук кызматынын жана Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү сурак жүргүзүп жатканы айтылат.
Маалыматта Кыргыз Республикасынын “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзамына ылайык, акыйкатчы тергөөнүн жүрүшүнө кийлгишпестиги, бирок анын жүрүшүнө байкоо салууга укугу бар экендиги белгиленген.
Каныбек Жороев бүгүн Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына алынды. (AJ)