Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Жалал-Абадда кырдаал тынчып калды



Облустук акимчиликтин алдына чогулган эл кечки саат тогуздарда тарап кетти. Анын алдында элдин астына чыккан ички иштер министринин милдетин аткаруучу, Жалал-Абад шаары менен Сузак районуна комендант болуп дайындалган Бакыт Алымбеков чогулгандарды тарап кетүүгө чакырган. Бирок чогулгандар улуттар арасына от жагуу аракети үчүн Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун президенти Кадыржан Батыровду кармап, жазага тартуу жана 14-майдагы тополоңдо да ок аткандарды табуу талабын коюшту. Бакыт Алымбеков болсо бул талаптарды аткарууга убакыт керектигин айтты. Андан көп өтпөй чогулгандар тарап кетишти.

Ошол эле учурда, саат кечки саат ондордо "Элдердин достугу" университетинин алдына чогулган К. Батыровдун тарапкерлери да тарап кеткени кабарланды. Учурда шаардын көчөлөрүн комендатурага тиешелүү автоунаалар аралап, элди тынчтыкка үндөгөн чакырыктар айтылууда.

Убактылуу өкмөт бүгун Жалал-Абад шаары менен Сузак районуна өзгөчө абал киргизип, кечки саат сегизден таңкы алтыга дейре коменданттык саат жарыялаган. Бүгүнкү кагылышта эки адам ажал таап, 70 чакты киши жараат алганы айтылууда. (SM)


XS
SM
MD
LG