18-майда Кабулда жанкечти машине жардырып, андан 18 адам набыт болгон эле. Ал теракт боюнча бийликтер жети адамды камакка алышканын бүгүн кабарлашты. Өткөн шейшембидеги жардырууда НАТОнун алты аскери курман болгон. Бул акыркы сегиз айдан бери НАТОнун Кабулдагы күчтөрүнө каршы жасалган эң оор чабуул болуп калды.