Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:01

А.Лукашенко: К.Бакиев Кыргызстанга барып референдум жарыялоого даяр


Бул тууралуу Беларус президенти Александр Лукашенко кечээ Могилев университетиндеги жолугушууда студенттеринин суроолорун жооп берип жатып билдирди. Мындай маалыматты Беларус телеграф агенттиги таратты. Анда Александр Лукашенко Кыргызстандын азыркы иштеп жаткан Конституциясына ылайык? референдумду президент же парламент жарыяларын белгилеп, “алар президентти атып салалык дешип, парламентти кууп таркатышкан,”-деп билдирген. А.Лукашенконун айтымында, Курманбек Бакиевден “Сен Кыргызстанга референдум жана кызматтан кетүүнү жарыялаганы барасыңбы?”,-деп сураганда, ал “ооба, мен аны жасоого даярмын” деп жооп берген.

“К.Бакиев бийликти кармап калууга кызыкпайт, бул азыркы кырдаалды легитимдүү чечүүнүн жолу болчу, бирок азыркы кыргыз бийлиги мындан качып жатат. Себеби бул Орусияга жакпайт”,-деген А.Лукашенко.

7-апрелде бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиев 15-апрелде Кыргызстандан кошуна Казакстанга чыгарылып кеткен. Ал эми президент Александр Лукашенко шаршемби күнү Беларус парламентинде 19-апрелде тийиштүү кызматтарга Бакиевди Минскиге алып келүүнү уюштурууну буйруганын, ал үй-бүлөсү менен Минскиде экендигин маалымдаган. (AJ)

XS
SM
MD
LG