Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Евробиримдиктин президенти Орусияны адам укуктары үчүн сындады


Ростов-на-Дону шаарында Орусия-Евробиримдик саммити өтүп жатат. Орус президенти Дмитрий Медведев саммитти ачып жатып, анда карала турган маселелерге токтолду: "Биз бүгүн Орусия менен Евробиримдиктин көп тараптуу кызматташтыгын мүнөздөгөн маселелерди талкуулайбыз, - деди ал. - Экономика, өзгөчө кырдаалдар, дүйнөнүн жана Европанын коопсуздугу, регионалдык проблемалар жөнүндө сүйлөшөбүз. Ирандын атом программасы, Ооганстан, Пакистан жана Жакынкы Чыгыштагы тынчтык сүйлөшүүлөрү жөнүндө да ой бөлүшөбүз".
Анткен менен, соңку маалыматтарга караганда, эки тарап орус жарандарына Европада визасыз каттоо маселеси боюнча бир пикирге келе алышпады. Евробиримдиктин президенти Херман Ван Рөмпөй президент Медведев менен сүйлөшүүдө “Орусияда адам укугун коргоочулар менен журналисттер үчүн түзүлгөн кооптуу кырдаалга” токтолгонун айтты.

XS
SM
MD
LG