Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:50

Британия Ооганстанга кошумча аскер жөнөтпөйт


Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Камерон алгачкы сапар менен Кабулга барды. Ал Ооганстанды тышкы саясатынын маанилүү бөлүгү деп сыпаттады. Ошол эле маалда Камерон согушка кошумча аскер жиберүү мүмкүнчүлүгүн четке какты. Азыр Ооган жергесинде британиялык 9 жарым миңдей жоокер кызмат өтөөдө. Бул – АКШдан кийинки эң ири чет өлкөлүк контингент. Уруш башталган 2001-жылдан бери Британия Ооганстанда 300дөй жоокерин жоготту. Камерон Ооган армиясына, полиция жана жергиликтүү администрацияларга 98 миллион доллар бөлүнүп берерин жарыялады.

XS
SM
MD
LG