Бул тууралуу “Азаттыкка” Убактылуу өкмөт жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаевдин жардамчысы Жоомарт Сапарбаев билдирди. Ө.Текебаев кечээ, 13-июнда Жалал-Абаддагы тополоңдо 27 жеринен бычак жеп каза тапкан милициянын капитаны Кудайберген Сулаймановдун жакындарына көңүл айтып, анын Кыргызстан элине жасаган кызматы эч унутулбай турганын белгиледи. Ал маркумдун үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан сөзсүз жардам берилерин билдирди. Ө.Текебаев учурда Базар-Коргон, Ноокен райондорунун тургундары, аксакалдары менен жолугушуп жатат. (КЕ)