Мыйзамга сенатттын төрагасы жана өкмөт башчысы кол коюшкан. Жаңы мыйзамга ылайык улуттун лидери кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт, анын жана анын үй-бүлөсүнүн мүлкү кепилденет. Мурда президент Нурсултан Назарбаев бу мыйзамга каршылыгын билдирген эле, бирок ага вето салып, парламентке кайтарып берген эмес. Мындай учурда мыйзам күчүнө кирди деп эсептелинет.