Бул тууралуу облустук акимчиликтин басма сөз катчысы Мамажан Бердишев бүгүн «Азаттыкка» билдирди. Маалыматка караганда, Ош шаарында окуган студенттерден жаракат алган эки кыз жана бир бала Баткен облустук ооруканага жаткырылды. Алардын бирөөсүнө ок тийген. Азыркы күндө жабыркагандар дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Алардын абалы туруктуу, өмүрүнө коркунуч жок. Мындан тышкары Ош облусуна чектеш Кызыл-Кыя шаардык ооруканасы да баш-аламандыктан жабрыкагандарды кабыл ала баштады. Дарыгерлердин бир тобу Ош шаарына кесиптештерине жардам берүү үчүн жөнөп кетти.
Оштогу коогалан башталгандан бери күч кызматтарынын жардамы менен баткендик 2 миңден ашык студент алынып келинген.(JsA)
Оштогу коогалан башталгандан бери күч кызматтарынын жардамы менен баткендик 2 миңден ашык студент алынып келинген.(JsA)