Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Р.Отунбаева Х.Клинтон менен сүйлөштү


Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кечээ, 16-июнда Өткөөл мезгилдин президенти, Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда эки тарап жүздөгөн адамдардын өмүрүн алган Ош жана Жалал-Абаддагы кырдаалды талкуулашты. Өз кезегинде Х.Клинтон Кыргызстан элине көңүл айтып, кыйын учурда жардам берүүнү улантаарын билдирген.

Мындан мурдаарак Р.Отунабева Орусия президенти Дмитрий Медведьев менен байланышып, өлкөнүн туштүгүндөгү абалды жөнгө салууга көрүлчү гуманитардык, аскер-техникалык жардам тууралуу сүйлөшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG