Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Эстония 1-январдан евроакчаны колдоно баштайт


Эстония 2011-жылдын 1-январынан тарта евромейкиндикке кошулат. Евросоюз 17-июнда Брюсселде өткөн саммитинде ушундай чечим кабыл алды.

“Мен Эстонияны куттуктагым келет. Эстония евромейкиндикке өтүүгө зарыл критерийлерди аткарды”, -деп билдирди Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Барросу.

Эстония евроакчаны колдонгон 17-өлкө болмокчу.

Евробримдикке мүчө 27 өлкө чукул арада негизги банктардын капылет болчу кризиске туруктуулугун аныктоо үчүн “стресс-тестерди” өткөрүүнү туура табышты.

Брюсселдеги жыйында Исландияны Евробиримдикке кабыл алуу боюнча сүйлөшүүнү баштоо жөнүндө да чечим кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG