Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:23

Сузакка кире бериштеги тосмо алынып салынды


Сузак менен Жалал-Абад шаарын бириктирип турчу айлампа жол бүгүн ачылды. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук комендатурасынын басма сөз кызматынан бүгүн “Азаттыкка” тастыктады. Маалыматка караганда, ушул маселе 17-июнда облустук комендант Кубатбек Байболов жана элдик кошуундун өкүлдөрү Сузактын тургундары менен жолугушуу учурунда сүйлөшүлгөн. Эки тараптуу жолугушуу бүгүн да болуп, тосмо расмий түрдө алынып салынды.

Жалал-Абаддагы тополоң учурунда Сузактын тургундары райондун кире беришине тосмо орнотуп, эч кимди киргизбей жатканы айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG