Ирактын түштүгүндөгү электр тартыштыгына байланыштуу болгон тополоңдон соң өлкөнүн энергетика министри Карим Вахид өз ыктыяры менен кызматтан кетти. 19-июнда Басра шаарында болгон нааразылык акциясы учурунда полиция аткан октон эки жаран курман болгон. 21-июнда Насирия шаарында да электр тартыштыгына каршы демонстрация өткөн. Ирак парламентинде азыр Карим Вахиддин арызы боюнча талкуу жүрүүдө. Премьер-министр Нури Малики министрдин өтүнүчүн канааттандырабы, азырынча белгисиз.