Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

Роза Отунбаева: Ар бир жарандын добушу Кыргызстандын тагдырын чечет


Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрайымы Роза Отунбаеванын Кыргызстан элине КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу мекендештер!

Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясы боюнча дайындалган Референдумга саналуу гана күндөр калды. 27-июнь күнү таң эртең мененден тартып өлкөбүздүн бүткүл аймагында добуш берүү үчүн шайлоо участоктору ачылат.

Мына ушул тарыхый күнү биз баарыбыз, Кыргызстандын жарандары кийинки жылдар ичиндеги эң маанилүү тандоону жүзөгө ашыруубуз керек болот. Сөз өлкөбүздүн өнүгүшүнүн мындан аркы өнүгүү жолун тандап алуу жөнүндө болуп жатат. Жаңы Конституцияга «макул» деп айтуу менен, Кыргызстандын эли өлкөнүн саясий түзүлүшүнүн түп тамырынан өзгөрүшү үчүн, жарандын укугунун артыкчылыгы үчүн, жоопкерчиликтүү мамлекет үчүн добуш берген болот.

Жаңы Конституциянын кабыл алынышы Кыргызстан элинин мурдагы авторитардык, адепсиз эки режимдин үстүнөн болгон жеңиши болуп калат, коррупцияга, мыйзамсыздыкка жана соттук зордук - зомбулуктар менен күрөшүүгө карата айкын жол ачат. Биз апрель революциясынын баатырлары адилеттик жана карапайым адамдардын бактысы үчүн болгон күрөштө өмүрлөрүн текке кыйышпаганын далилдөөгө тийишпиз.

Биз референдум абдан татаал жана кыйчалыш убакта өткөрүлүп жатканын жакшы түшүнөбүз. Карасанатай күчтөр айкын өзгөрүүлөрдү каалашкан жок, бир нече ирет жарандык согуш отун тутандырууга да аракет кылышты. Айрым күчтөр бүгүн дагы «кой терисин жамынып», башка аталыштар менен бийликке келип, элди талап- тоноону улантуу үчүн Референдумду болтурбай коюу үчүн бардык аракеттерин жумшашууда.

Кымбаттуу агайын-туугандар, Ош, Жалал-Абад облустарынын тургундары!

Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кайгылуу окуяларда жакындарынан жана туугандарынан айрылган адамдардын жүрөгүндөгү күйүтүнүн илеби кайта элек. Убактылуу Өкмөт сиздерге дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Кылымдар бою калыптанган жана узак мезгилдердин сыноосунан өткөн кыргыз жана өзбек элдеринин бир туугандык, достук мамилелерди көз ирмемде кыйратып жиберүү мүмкүн эмес. Элдерибиздин достугу, бир туугандыгы өлкөнүн ар бир жараны үчүн ыйык жана кымбат.

Кайгылуу окуялар болуп өткөн Ош, Жалал-Абад областтарынын айрым райондорун албаганда, өлкөбүздүн башка аймактарында адамдар өзүлөрүнүн тынч жашоосун өткөрүшүүдө. Мен чыр-чатак чыккан аймактарда болдум, баарын өз көзүм менен көрдүм жана элдердин акыл эстүүлүгүнө, боорукер мамилесине, тынч жашоого умтулуусуна ынандым. Адамдар болгон окуяга өзүлөрү баа беришүүдө: Араванда гүлдүн бир сабагы да үзүлбөгөн, Ноокатта канаттуунун бир тал канаты да жулунбаган. Адамдар тынчтыкка өтө сак жана аяр мамиле жасашат.

Кырдаал оңолгон сайын, тактап айтканда 26-июндан баштап өзгөчө абал киргизилген бардык аймактарда коменданттык саат алынып салынат. Бирок, ар бир шайлоо участогунда, шаарларда жана айылдарда шайлоочулардын жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуунун күчөтүлгөн чаралары көрүлөт.

Ушул тапта Убактылуу Өкмөт Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүгө, элдердин тынч жашоого, айрыкча качкындардын өзүнүн турагына жапырт кайтып келүүсүнө, талкаланган жана өрттөнгөн турак жайларын, бизнестерин калыбына келтирүүгө багытталган чукул чараларды көрүүдө. Чыр-чатак чыккан аймактарды калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик дирекция түзүлдү.
Бүгүн биз алга карай жылышыбыз керек. Биз Сиздердин азыркыдай оор учурга өзгөчө абалдагы аймактарда Референдум өткөрүүнүн кооптуулугу жөнүндө тынчсызданууңуздарга жакшы түшүнөбүз. Ошентсе да, эгерде Кыргызстандын эли, өлкөбүздүн жалпы жарандары чечкиндүү каршы туруп, чекит койбосо мындай тополоңдор дагы кыйлага чейин улана бериши толук ыктымал. Бүгүнкү күндүн оор чындыгы ушундай. Өлкө кыйла мезгилге чейин бүдөмүк, олку-солку абалда боло албайт.

Өлкөдө тез арада тартипти орнотуу зарыл. Буга жетишүү Конституцияны кабыл алуусуз жана мыйзамдуу мамлекеттик түзүмдөрдү түзүүсүз таптакыр мүмкүн эмес. Биз чечкиндүү аракеттенишибиз керек. Кымындай кечеңдетүү, буйдалуу кайра кайткыс олуттуу кесепеттерге алып келүүчү учурга келип калдык.

Биз өлкөнүн түштүгүндөгү абалды тезиреек турукташтыруу үчүн, ошондой эле Референдумду уюшкандык менен өткөрүү үчүн бардык чараларды көрүп жатабыз. БУУнун Коопсуздук Кеңеши, ОБСЕ сыяктуу бир катар эл аралык уюмдар дагы ушундай пикирде экенин белгилеп койгум келет.

Биз Референдум өзгөчө кырдаалда өтүп жаткан биричи өлкө эмеспиз. Ал турмак согуш болуп жаткан өлкөлөрдө дагы Референдум өткөрүлүп келген.

Урматтуу мекендештер!

Жаңы Конституциянын долбоору жарандык коомдун кеңири катмарынын, өлкөнүн саясий күчтөрүнүн басымдуу көпчүлүгүнүн тикелей катышуусу менен иштелип чыкты. Аны талкуулоого калкыбыз да жигердүү катышты. Дээрлик бардык ой-пикирлерге, саясий партиялардын, өкмөттүк эмес уюмдардын демилгелерине көңүл бурулду. Өлкөбүздүн эгемендикке жеткенден берки тарыхый тажрыйбасынын бардык сабактары эске алынды. Ошол эле убакта, өткөн мезгилдин баардык баалуу жана өрнөктүү өтөлгөлөрүн өркүндөтүп алууга аракет кылдык.
Жаңы Конституциянын негизги ой, идеялары соңку беш жылдан бери карай көп ирет талкууланып, ар тараптан акылга салынып, толук бышып жетилген, элибиздин каны-жанынан сызылып өткөн.

Жаңы Конституциянын чегинде аракеттенүү менен биз жана кийинки муундагылар мамлекттүүлүктү, республиканын эгемендүүлүгүн чыңдай аларыбызга, социалдык жана экономикалык өнүгүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишүүгө, коррупцияга, мыйзамсыз аракеттерге бөгөт кое аларыбызга ишенемин. Адам укугу менен эркиндигин коргоону кыйла жакшыртууга бардык шарттар түзүлөт.

Сиздер мурдагы кландык-мафиялык бийлик пирамидасын калыбына келтирүүнү көздөгөн бакиевдик Конституцияны кайра кайтпас кылып артка калтыруу үчүн референдумга келишиңиздер керек. Сиздер чыныгы демократиялык жол менен, башка бирөөнүн кысымысыз, бурмалоосуз жана алдоосуз жаңы Конституция үчүн добуш берүүнүн тарыхый шартын колдон чыгарбашыңыздар керек.
Бүгүн ар бир жарандын добушу элибиздин тагдырын чечет!

Ушундай оор, тагдыр чечилээр учурда ар бир Кыргызстандыктын жүрөгүндө биримдикке умтулуу, Ата журт үчүн патриоттуулук жана жоопкерчилик сезим үстөмдүк кыларына жана ар бириңиздер туура чечим кабыл алаарыңыздарга үмүттөнөмүн!

Ушул Референдумда ушундай татаал шартта биздин элдин биримдигинин, анын сабырдуулугунун деңгээли күзгүдөй ачык чагылып көрүнмөкчү.

Мен баарыңыздарды – биздин апаларды жана эже-сиңдилерди, аксакалдарды жана бир туугандарды, жаштарды, уул-кыздарыбызды – жаңы Конституция, коомдук прогресс, өлкөбүздүн келечек тагдыры үчүн добуш берүүгө чакырамын!

XS
SM
MD
LG