Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Анжияндагы ооруканаларга кыргызстандык 57 миң качкын кайрылган


Бул тууралуу Өзбекстандын саламаттыкты сактоо министри Адхам Икрамов кыргыз кесиптеши Дамира Ниязалиева менен болгон жолугушуусунда билдирди. Кайрылгандардын эки миңдейи Анжиян ооруканаларына жаткырылып, учурда медициналык кызматкерлер көзөмөлүндө дарыланышууда. Качкындар арасынан 175 өзбек качкын аял көз жарып, учурда коогалаңда калгандардын бардыгына психологиялык жардам көрсөтүү боюнча чаралар көрүлүүдө. Өзбек министри качкындарга керектүү жардамдар көрсөтүлгөндөн кийин аларды Кыргызстанга кайтаруу боюнча аракеттер башталарын билдирди. Өзбек тарап качкындарды “Достук” чек ара бекетине чейин узатып, кыргыз тарап аларды кабыл алып, үйлөрүнө жеткирип, баш паанексиз калгандарды атайын чатырларга жайгаштыруу милдетин алды. (EK)

XS
SM
MD
LG