Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон беш жылдан кийин Ооганстанда британиялык аскерлер калбашын каалайт. Ал Чоң жетинин Канадада өтүп жаткан саммитинен тыш убакта кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, 2015-жылы болчу парламенттик шайлоого чейин британ аскерлери Ооганстандан кайтып келишин каалаганын айтты. Австралиянын премьер-министри Жулия Жиллард 25-июнда АКШ президенти Барак Обамага өлкөсү Ооганстан боюнча милдеттенмесин “бузбай аткарат” деп ишендирген.
Бирок серепчилер Жиллард айым популярдуулугун жоготуп баратса, Ооганстандагы 1,5 миң аскерди чыгарып алат деп боолгошот.