Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:12

Референдум тынч өтүп атат


Ушул сааттарда Кыргызстандын бардык аймактарында референдум тынч өтүп атат. Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, аскерлер, коопсуздук кызматынын өкүлдөрү, элдик кошуундар иш алып барышууда.

Эртең мененки саат 10:00гө карата Жалал-Абад облусу боюнча 24 339 жаран добуш берди. Бул аталган облустагы шайлоочулардын 6 пайызына барабар. Ал эми Чүйдө саат онго карата 24 437 жаран добуш берди.

Талас облусунда эртең мененки тогузга карата 7596 жаран же шайлоочулардын 6,58 пайызы добуш беришсе, Нарын облусунда 7399 шайлоочу добуш беришкен. Ал Ош облусунда эртең мененки тогузга чейин 21 129 адам добуш берген болчу. Байкоочулар добуш берүү бекеттеринде мыйзам бузуу фактыларын каттай элек. (IJz)

XS
SM
MD
LG