Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

“Мен Кыргызстанга тынчтык каалайм” аттуу акция өтүүдө


Бишкек жана Ош шаарларында тынчтык жана ынтымакка үндөгөн акция өтүп жатат. Аны бир катар жарандык активисттер жана интернет колдонуучулар уюштурууда. Акциянын жүрүшүндө “Мен Кыргызстанга тынчтык каалайм” деген жазуусу бар футболкалар таратылып жатат. Андагы жазуулар кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде түшүрүлгөн. Мындан сырткары “Биз кыргызстандыктарбыз” деген жазуу түшүрүлгөн чаптама кагаздар да таратылып жатат. Акциянын эрежеси боюнча, футболка бекер берилет, бирок бир шарт менен: аны алгандар бул акция тууралуу интернет мейкиндигинде жана көчөлөрдө маалымат бериши керек. (ZMa)

XS
SM
MD
LG