Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:17

ISAF үчүн май айы кандуу ай болууда


Эл аралык күчтөрдүн ооган талиптерине каршы операциясы жоготуулар менен коштолууда. НАТОнун эл аралык коопсуздукка көмөктөшүү күчтөрү - ISAFтын билдиришинче, жекшемби күнү талиптер америкалык эки аскерди катардан чыгарган. Ишемби күнү дагы бир чет элдик аскер бомбага кабалып курман болгон. Муну менен НАТО ай башынан бери Ооганстанда 91 жоокеринен ажырады. Июнь айы 2001-жылы коалициялык күчтөр Ооганстанга киргенден берки эң кандуу ай болууда.

ISAFтын өкүлү, генерал Жозеф Блоцтун билдиришинче, ушу тапта Ооганстандын түштүгүндөгү Гелманд жана Кандагар провинцияларына АКШ кошумча аскерлерин жайгаштырууда.

XS
SM
MD
LG