Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

Акыйкатчы институту референдум таза өткөнүн билдирет


Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акун “Азаттыкка” билдиргендей, 27-июнда өткөн жалпы элдик референдум таза жана мыйзам бузууларсыз өттүн. Анын айтымында, өлкөдөгү оор кырдаалга жана референдумдун кыска аралыкта өткөнүнө байланыштуу айрым мүчүлүштөр болду, бирок аларды мыйзам бузуу деп айтууга болбойт. Маселен, айрым жерлерде кошумча тизме менен добуш берүүгө катышкандарга бюллетендер жетпей калуу коркунучу пайда болуп, БШКнын борбордук аппаратынан тез арада бюллетен суроого аргасыз болгон шайлоо бекеттери болду. Бирок Акыйкатчы институтунун токсондон ашуун байкоочулары Кыргызстан боюнча референдум таза жана мыйзам чегинде өткөнүн билдиришти.

Жалпы элдик референдумга байкоо салышкан башка эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар да добуш берүү процесстери олуттуу кемчиликтерди билдиришкен жок. (IJz)

XS
SM
MD
LG