Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Руслан Казакбаев ШКУ байкоочулары менен жолугушту


ШКУнун башкатчысынын орун басары Хун Цзюин менен Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев бүгүн жолугушту. Жолугушууда Хун Цзюин ШКУ атынан байкоочулар миссиясынын курамына Казакстандан эки, Орусиядан бир, ШКУ катчылыгынан эки байкоочу киргенин билдирди. ШКУнун башкатчысынын орун басары референдум алардын байкоосунда таза, тынч жана жакшы уюштуруучулук менен өткөнүн белгиледи. ШКУ байкоочулары Бишкек, Кант, Кара-Балта, Токмок шаарларындагы 47 шайлоо бекетинде байкоо салганы белгилүү болду. Руслан Казакбаев байкоочулар аркылуу ШКУга мүчө өлкөлөргө көргөзүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG