Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Роза Отунбаева ЕККУ өкүлүн кабыл алды


Өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева бүгүн Евроападагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун директору Янес Ленарчичти кабыл алды. ЕККУ өкүлү Роза Отунбаеваны ийгиликтүү өткөн референдум менен куттуктап, жалпы элдик добуш берүү ачык-айкын, олуттуу мыйзам бузуулары жок өткөндүгүн айтты. ЕКККунун Демократиялык институтар жана адам укуктары боюнча бюросунун байкоосу тууралуу атайын баяндама бир ай ичинде чыгаарын маалымдаган Янес Ленарчич уюм алдыдагы парламенттик шайлоодо Кыргызстанга ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу убактылуу өкмөттун басма сөз кызматы билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG