Линктер

жекшемби, 16-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 13:54

Ош облусунун айрым жерлеринде спирт ичимдигин сатууга тыйуу салынды


Бул тууралуу Ош облусунун комендантынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Ош облусунун коменданты Бактыбек Алымбековдун буйругуна ылайык 10-августка чейин Ош облусунун чукул кырдаал киргизилген аймактарында спирт ичимдиктерин сатууга тыйуу салынды.
28-июнда Ош, Өзгөн, Кара-Суу шаарларында, Араван районунда , Жалал-Абад облусу боюнча чыр-чатак чыгып тынчыган аймактарда 10-августка дейре кечки 22.00дон таңкы 06.00гө дейре коменданттык саат кайра киргизилген. Бул чара түштүк тургундарынын суранычы менен кабыл алынган. (AJ)
XS
SM
MD
LG