Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

АКШ чет элдерден жардам алат


АКШ өкмөтү Мексика булуңундагы мунай бургулоочу скважинадан аккан кара майды токтотууда жана анын айлана-чөйрөгө тийгизген зыянын калыбына келтирүүдө чет элдиктердин жардамыны кабыл алат. Мамдепартаменттин билдиришинче, бүгүнгө дейре жардам берели деген 22 сунуш 12 мамлекеттен жана эл аралык уюмдардан түшкөн. Алардын ичинде Канада, Нидерландия, Мексика, Норвегия, Япония, Эл аралык деңиз уюму жана башкалар бар.

Мексика булуңундагы “Бритиш Петролиум” компаниясына караштуу бургулоочу платформада 22-апрелде болгон жардыруудан 11 киши набыт болгон. Скважинадан аккан мунай АКШнын түштүк жээгине чейин жетип, табигый байлыктарга чоң зыян тийгизген. Бул АКШ тарыхындагы эң ири экологиялык кырсык эсептелет.

XS
SM
MD
LG