Орус мекендештердин биримдик союзунун (РОСС) Координациялык Кеңеши Бишкек шаардык депутаттар кеңешине кайрылып, Алексей Бах атындагы көчөсүн Дооронбек Садырбаевдин атына которуу чечимин кайра карап чыгуу жөнүндө сунуш менен кайрылды. Кайрылууда Дооронбек Садырбаев чындык жана акыйкат үчүн күрөшүп келген инсан болгону баса белгиленип, так ошол себептүү анын ысмын советтик, орус жана кыргызга бирдей таандык окумуштуу Алексей Николаевич Бахтын атын алып жүргөн көчөгө берүү туура эмес чечим болуп калары айтылат.
“Алексей Бах тынчтык үчүн күрөшкөн, агартуучу, антифашист жана ири окумуштуу болгон. Ал Советтик Кыргызстанга илимди өнүктүрүү үчүн келип, Улуттук Илимдер Академиясын уюштуруунун башатында турган”,-деп жазылат кайрылууда.
РОСС бирикмеси агартуучулардын, окумуштуулардын, акындардын, жазуучулардын ысымдарын көчөлөрдөн өчүрүп, Кыргызстандын тарыхын жок кылууга каршы экенин белгилеп, керек болсо көптөгөн кайрылууларга карабай атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун аты эмдигиче бир да көчөгө коюлбаганын, ага эстелик да тургузулбаганын, көчөлөргө ат коюу улуттук мүнөздө гана болуп жатканын сынга алган. (КС)