Линктер

жума, 17-август, 2018 Бишкек убактысы 19:59

Роза Отунбаева Казакстанга иш сапары менен барат


Президент Роза Отунбаева эки күндүк иш сапары менен Казакстанга барат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Убактылуу өкмөттүн басма сөз катчысы Фарид Ниязов кабарлады. Анын айтымында, Р.Отунбаева Казакстанда Евразия Экономикалык Шериктештигинин саммитине катышат. Андан соң Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө. Азырынча кандай маселелер талкууланары айты элек. Р.Отунбаева Казакстанга бүгүн түштөн кийин чыгып кетет. (КЕ)
XS
SM
MD
LG