Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:15

АКШ Мамлекеттик катчысы Арменияга келди


Арменияга Чыгыш Европа жана Кавказ боюнча сапарынын алкагында келген Хиллари Клинтон бул жерде өлкө президенти Серж Саркисян менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ереванга чейин Бакуда токтогон учурунда АКШ Мамлекеттик катчысы Вашингтон Азербайжан менен Арменияга Тоолуу –Карабах чатагы боюнча тынчтык келишимине жетишүүсү үчүн жардам берүүгө даярдыгын, бул “жогорку приоритеттеги” маселе экендигин айтты. Бакуда Клинтон азери президенти Ильхам Алиев менен жолукту. Ал эми тегерек стол жыйыны учурунда АКШ Мамлекеттик катчысы Азербайжанда былтыр түрмөгө камалган эки блоггердин маселесин да көтөрдү. Армениядан соң Клинтон эртең Грузияга барат.

XS
SM
MD
LG