Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:38

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери А.Аскаровго жолугуп чыгышты

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Базар-Коргондо камакка алынган укук коргоочу Азимжан Аскаровго жолугуп чыгышты.
Бул тууралуу Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Азимжан Аскаровго жана башка түштүктөгү коогалаңга байланыштуу деп укук коргоо органдары тарабынан камалган адамдар боюнча Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин изилдөөсүнүн жыйынытыгы коомчулукка жарыяланат.

24-июнда Хьюман Райтс Уоч эл аралык уюму билдирүү жасап, кыргыз бийлиги укук коргоочу Азимжан Аскаровдун коопсуздугун камсыздоо үчүн чара көрүүгө тийиш деген.

Ал эми Азимжан Аскаров болсо укук коргоо органдары тарабынан “тополоң чыгарган жана улут аралык жек көрүүчүлүккө жем таштаган” деген кине менен 15-июнда Базар-Коргондо камакка алынган. (AJ)

XS
SM
MD
LG