4-июлда Х. Клинтон Ереван шаарында туруп АКШ - Армения менен Азербайжан талаш аймакта бейкуттук орнотууга жетишүүсүн кааларын билдирди.. "Армения менен Азербайжандын ортосунда кандай гана чечим болбосун, ал Хельсинки принциптерине негизделиши керектиги тууралуу расмий таануу бар", деди Х.Клинтон. Ошондой эле Мамкатчы Түркияны Армения менен алакасын жакшыртууга күч жумшап, эки өлкөнүн чек араларын ачууга аракеттерди күчөтүүгө чакырды. Клинтон Арменияга чейин Азербайжанда болуп, расмий Вашингтон Тоолуу Карабак чырын чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирген. Бүгүн АКШнын бийик даражалуу аткаминери Грузияга бараары күтүлүүдө.