Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:13

Нурсултан Назарбаев президент катары дагы он жыл тургусу келет


Назарбаев жекшемби күнү Орусиянын “Вести” программасынан көргөзүлгөн интервьюсунда белгилегендей, “ден соолук мүмкүндүк берсе” ал президенттик кызматта дагы бир декада турууга даяр. Эртең туура 70 жашка толуп жаткан Назарбаевдин айтымында, ал өлкөнүн 2020 –жылга чейин эсептелген индустриялдык жана инновациялык программасы аяктаганын көргүсү келет.

Нурсултан Назарбаевдин 70 жылдык мааракесин утурлай Казакстанда жакында “Улут көсөмү” жөнүндөгү мыйзам күчүнө кирди. Ал мыйзамга ылайык, президенттин өзү жана үй –бүлө мүчөлөрү сот жана кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Алардын мүлкү кол тийгис болот. Мыйзам боюнча Назарбаев президенттиктен кеткен күндө деле мамлекет башчысы кезиндеги ыйгарым укуктарын сактап калат.

XS
SM
MD
LG