Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

АКШ Мамлекеттик катчысы Грузиянын аймактык бүтүндүгүнө колдоо билдирди


Хиллари Клинтон бүгүн Тбилисиде грузин президенти Михаил Саакашвили менен чогуу өткөргөн маалымат жыйыны учурунда белгилегендей, Вашингтон Грузиянын аймактык бүтүндүгүнүн “бекем” жактоочусу. Ал ошондой эле өз сөзүндө Орусия Грузиядан ажырап кеткен Абхазия менен Түштүк Осетияда туруктуу аскерий база куруп жатканына камтамачылык билдирди:

-Биз менин бул сапарымдагыдай эле оккупацияга каршы экендигибизди айтууну улантып жатабыз. Биз Женева механизмин пайдаланууну колдойбуз жана ал жандануусу керек. Биз буга аракеттенебиз. Мен ушул жерде туруп алып, бул жеңил маселе деп айтпайм. Анткени андай эмес.

Грузия - Хиллари Клинтондун Чыгыш Европа жана Кавказ боюнча сапарынын акыркы бөлүгү болду. Клинтон кечээ Азербайжан менен Арменияда токтогон учурунда бул эки өлкөнү Тоолуу-Карабах боюнча узакка созулуп кеткен чатагын токтотууга чакырды. АКШ тынчтык келишимине жетишүүдө жардам берүүгө даяр экенин белгиледи. АКШ Мамлекеттик катчысы ошондой эле Түркияны Армения менен мамилесин нормалдаштыруу боюнча токтоп калган аракетти улантууга, эки өлкө ортосундагы чек араны ачууга үндөдү.

XS
SM
MD
LG