Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

IPHR: "Кыргыз укук коргоочулары коргоого муктаж"


Мындай мазмундагы ачык кат менен Брюссель шаарында жайгашкан «Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк» (International Partnership for Human Rights - IPHR) уюму ушул таптагы Евробиримдиктин төрагасы Бельгия өкмөтүнө кайрылды. Катта аталган уюмдун директору Бригитте Дуфур (Brigitte Dufour) Кыргызстандагы «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова менен «Кылым шамы» коомдук фондунун директору Азиза Абдрасулованын өмүрү өтө кооптуу абалда экендигине тынчсыздануу билдирет. "Кыргызстандын түштүгүндө орун алган окуяларды көз карандысыз иликтөөдө эки аял-укук коргоочу жеке өмүрүнө кооптуу кырдаалдарга туш болуп, расмий бийлик өкүлдөрүнөн өз даректерине коркутуп-үркүтүүлөрдү алышкан. Т.Исмаилова балдары менен Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болсо, А.Абдрасулова өлкө ичинде калып өз ишин улантууда", деп айтылат ачык катта.

Ушуга байланыштуу аталган уюм Бельгия өкмөтүн Европа шериктештигинин үчүнчү өлкөлөрдөгү адам укуктарын коргоочулардын коопсуздугун сактоо боюнча жолдомолоруна таянып Кыргызстандын убактылуу бийлигине Т.Исмаилова, А.Абдрасулова жана А.Аскаров тууралуу тынчсыздануу билдирүүнү жана А.Аскаровду тезинен эркиндикке чыгарууну талап кылууга үндөйт. (GA)

XS
SM
MD
LG