Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:06

Human Rights Watch түштүктөгү зомбулукту дыкат иликтөөгө чакырды


Human Rights Watch эл аралык уюму Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяны иликтей турган көз карандысыз эл аралык комиссия зомбулуктун бардык түрлөрүнө кошуп, өкмөттүк күч структураларынын жоопкерчилигин да кароо керектигин билдиришти.

Аталган уюм түштүктөгү окуяларда өкмөттүк күчтөрдүн айрымдары зомбулук кылууга катыштыгы бардыгы мүмкүндүгүн белгилеген.

Ошондуктан Human Rights Watch (HRW) кыргыз өкмөтүн түштүктөгү окуяны иликтөөгө БУУнун эксперттерин да тартууга чакырып, көз карандысыз эл аралык комиссияга тоскоолдуксуз күбөлөргө кирүүнү, медициналык мекемелер жана милициянын протоколдору, соттук-медициналык эспертизанын жыйынтыгы менен таанышууну да камсыз кылууну өтүнгөн.

Европарламент болсо Кыргызстанды этностор аралык жаңжалдын себептерин аныктоо үчүн көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө чакырганы тууралуу 8-июлда Евробиримдиктин жогорку мыйзам чыгаруучу органынын пленардык жыйынында кабыл алынган резолюцияда белгиленгендиги маалымдалууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG