Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:43

Дүйнөлүк банктын аймактык жетекчиси түштүктү кыдырды


Дүйнөлүк банктын Борбор Азия мамлекеттери боюнча аймактык директору Мото Кониши Кыргызстанга келип, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев менен бирге Кыргызстандын түштүгүн кыдырды. М.Конишинин башкы максаты – июнь айындагы коогалаңда келтирилген материалдык чыгымдарды өз көзү менен көрүү болууда. М.Кониши өлкө жетекчилиги менен Дүйнөлүк банк көрсөтүп аткан жардамдар тууралуу сүйлөшүп, коогалаң учурундагы материалдык зыяндарды баалоо иштерине катышат.

Дүйнөлүк банктын адистери Кыргызстандагы башка донорлук уюмдар менен бирге 15-июлга чейин коогалаңдан улам келтирилген материалдык зыяндарды баалоо иштерин аткарышмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG