Бүгүн Ош шаарында “Ошко тынчтык чачабыз!” аттуу жаштар кампаниясы өз ишин аяктады. Акциянын жабылыш аземине Ош облусунун комендантынын орун басары Замирбек Молдошев жана президенттин кеңешчиси Виктор Черноморец баштаган адамдар катышышты.
Ош шаарында өткөн аталган акцияга 100 чамалуу кыз-жигиттер катышкан. Төрт күнгө созулган акция убагында алар шаарды тазалоо, калыбына келтирүү иштерине катышып, 10 000 даана гүл отургузушкан.
“Ошко тынчтык чачабыз!” аттуу жаштар кампаниясын “Youth of Osh” жаштар бирикмеси уюштуруп, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жана БУУнун Өнүктүрүү долбоорунун Ош шаарындагы кеңсеси колдоо көрсөткөн. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. (IJz)