Президент Роза Отунбаеванын бүгүнкү Жарлыгы менен Кыргызстанда Өкмөттүн курамы бекитилди. Биринчи вице-премьер-министр болуп Амангелди Муралиев дайындалды. Ал Аскар Акаедин тушунда премьер-министрлик кызматты аркалаган.
Вице-премьер-министрлик кызматка Өктөмхан Абдуллаева, Александр Костюк жана Жантөрө Сатыбалдиев бекитилди. Ж.Сатыбалдиев бул кызматы менен катар Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясын да башкарат.
Мындан сырткары Каржы министри Чоробек Жумашев, Саламаттыкты сактоо министри Сабыржан Абдукаримов, Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотонов, Экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиев, Айыл чарба министри Мамашарип Турдукулов, Эмгек, жумуштуулук жана миграция министри болуп Айгүл Рыскулова, Билим берүү жана илим министри болуп Канат Садыков, Маданият жана маалымат министри болуп Садык Шер-Нияз, Жаратылыш ресурстарын коргоо министри кызматына Кайрат Жумалиев бекиди.
Бул маалыматты "Азаттыкка" Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы тастыктады.
Буга чейин Убактылуу өкмөттүн бир нече өкүлү парламенттик шайлоого байланыштуу өз кызматтарын тапшырышкан болчу. (КЕ)