Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:13

“Айкөл Ала-Тоо” коомдук кыймылына бийлик жардам берет


Жекшембиде президент Роза Отунбаева 7-апрелде жабыр тарткандар тарабынан түзүлгөн “Айкөл Ала-Тоо” коомдук кыймылынын мүчөлөрү менен жолугушту. Анда өлкө башчысы 7-апрель Элдик ыңкылапта кайтыш болгондордун жакындарына жана жабыр тарткандарга социалдык макам белгиленерин, бийлик тарабынан ар тараптуу жардам берилерин, алар үчүн турак-жай курууга жер участогун бөлүп берүү Бишкек мэрине тапшырыларын айтты.
Жолугушууга катышкан апрель окуяларында каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга социалдык колдоо боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, президенттин администрация башчысы Эмил Каптагаев бул маселе боюнча жумушчу топ тарабынан 5 багытта план иштелип чыкканын, атайын эсепке 11 миллион сом каражат түшкөнүн жана ал акчалар сарамжалдуу пайдаланарын белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG