Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Адыл Бийназаровдун сөөгү жерге берилди


Бүгүн кыргыз коомчулугу "Пирамида" телеканалынын мурдакы президенти Адыл Бийназаровду акыркы сапарга узатты. Маркумдун сөөгү Байтик тоосундагы мүрзөканага коюлду.

Адыл Бийназаров 51 жашында узакка созулган оорудан каза болду. А. Бийназаров Кыргызстандагы биринчи жеке менчик "Пирамида" телеканалын негиздөөчүжана анын президенти катары кыргыз журтуна таанымал болчу. Ал жетектеп турганда аталган телеканал өлкөдөгү өтө таасирдүү маалымат каражатына айланган. Кесиптештеринин берген баасына караганда, А. Бийназаров Кыргызстандын 90-жылдардан берки тарыхында медиа тармактагы абдан күчтүү менеджер жана ишкер жетекчи катары оозго алынган. Мурдакы президенттер К. Акаевдин жана К. Бакиевдин тушунда бийликчил күчтөр "Пирамиданы" жүгөндөө жана колго алуу максатында А. Бийназаровго көп жолу ар кандай кысым көргөзүшкөн. Акыры аталган телеканалды А. Бийназаровдун менчигинен тартып алышкан. Соңку жылдары А. Бийназаров катуу ооруп жүргөнүнө карабастан, чыгармачылыгын таштабай, китептерди которуу менен алек болуп келген. (КС)

XS
SM
MD
LG