Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Топчубек Тургуналиев кызматтан алынды


Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Т.Тургуналиев 7-апрель Элдик ыңкылабынан кийин Айлана чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болуп дайындалган.
Т.Тургуналиевдин аталган агенттиктеги жүргүзгөн иштерине нааразы болгон токой чарбасынын 200гө чукул кызматкерлери бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын жанында митинг өткөрүшүп, аны кызматтан кетирүү талабын коюшту. Топчубек Тургуналиев болсо ишинде олуттуу кемчилик кетирген жетекчилер агенттиктин коллегиясынын чечими менен кызматтан алынганына нааразы болушуп, атайын элди уюштуруп митингге чыгышканын билдирген.
Маалыматка караганда Топчубек Тургуналиевдин ордуна Айлана чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси болуп Мирослав Аманкулов дайындалды. (AJ)

XS
SM
MD
LG