Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Германияда эми Сүйүү парады өтүшү күмөн


Дүзбург шаарындагы миллиондон ашык киши катышкан электрондук техно музыка майрамында 19 адам ажал таап, 100гө чукул киши жараат алды. Парад өтүп жаткан жерге кирүүгө боло турган жалгыз өткөөлдө эл көп жыйылып, кысылыштан дүрбөлөң башталган. Калган эс алуучуларды дароо таркатканда, чогулган бир миллион 400 миң эл кайра кым-куут түшөт деп чочулаган уюштуруучулар концерттерди токтоткон эмес. Шаар бийликтери бул оор кырсыктан кийин Сүйүү парады келерки жылдарда кайра өткөрүлүшү күмөн экендигин айтышууда.

XS
SM
MD
LG