Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

Канада Евросоюзга удаа эле Иранга каршы санкция киргизди


Евросоюз жана Канада кабыл алган санкция Ирандын мунай-газ өнөр жайына инвестиция салууга, банктары менен кызматташууга бөгөт койот. Евробиримдиктин билдиришинче, тышкы соода, энерегетика жана банк тармактарын камтыган катаал чаранын максаты - Тегеранды ядролук программасы боюнча эл аралык коомчулук менен сүйлөшүүгө отургузуу. Биримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштондун айтышынча:

- Иранга ядролук программасы бизди өтө тынчсыздандып жатканын бүгүн ачык билдирдик. Ушундан улам Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын сактабаган жана иш жүзүндө реалдуу сүйлөшүүлөрдөн баш тарткан Иранга каршы жаңы санкцияны бекитти.

Мурдараак Биримдиктин лидерлери жаңы санкция жарыялоону жактырган эле. АКШ Мамткатчысы Хиллари Клинтон жана финансы министри Тимоти Гейтнер Евробримдик жана Канаданын чечимин Иранга каршы багытталган “катуу кадам” деп атады. Бу кабардын артынан эле Ирандын МАГАТЭдеги өкүлү Али Аскара Султание айым Тегеран “эч кандай шарты жок эле” уранды байытуу боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG