Бул тууралуу Ош облусунун комендантынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда Ош, Өзгөн шаарларында, Кара-Суу, Араван жана башка райондордо кырдаал туруктуу. Өткөн суткада Ош облусунда жалпысынан 83 кылмыш иши козголгон. Алардын көпчүлүгү 10-17-июндагы окуялар боюнча жарандардан түшкөн доо арыздар. Кайгуул кызматы тарабынан коменданттык сааттын эрежесин бузган 22 адам кармалды. Учурда ички иштер органынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө, алдын-ала түшүндүрүү иштери, дайынсыз жогологондорду издөө, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча иш чаралар жүргүзүлүүдө. (AJ)