Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Р.Отунбаева Баткен облусунун тургундары менен жолукту


Баткенге болгон иш сапарынын алкагында өлкө башчысы Роза Отунбаева бүгүн Баткен облустук музыкалык драма театрынын имаратында облус тургундары менен жолукту. Өз сөзүндө президент өлкөнүн түштүгүндөгү азыркы кырдаалга токтолуп, өкмөттүн Ош менен Жалал-Абадды кайра калыбына келтирүү боюнча аракеттери менен тааныштырды. Өлкө башчысы ЕККУ полиция күчтөрүнүн Кыргызстанга киргизилиши боюнча да сөз алып, ал күчтөр байкоо салып жана жергиликтүү укук коргоо органдарына кеп-кеңеш берүүгө гана келе жаткандыгын айтты. Жолугушууда облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу маселелер да козголду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы бүгүн билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG