Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:24

Кыргыз бийлиги укук коргоочулар менен кызматташууга кызыктар


Кыргыз бийликтери жарандардын укугун коргоодо укук коргоо уюмдары менен кызматташууну маанилүү курал деп билет. Бул тууралуу бүгүн президенттин басма сөз кызматы билдирүү таратты. Анда кыргыз бийлиги Ош жана Жалал-Абадда адам укугунун сакталышын көзөмөлдөгөн жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын ишмердиги үчүн ыраазычылык билдирет.

“Жарандардын укугу бузулуп жаткандыгы тууралуу укук коргоочулардын билдирүүлөрүнүн көпчүлүгү оозеки арызданууларга негизделген. Конкреттүү маалыматтын жоктугу тартипке көзөмөл салган орган кызматкерлери тарабынан кетирилип жаткан мыйзам бузууларды тактоого мүмкүндүк бербей жатат” деп айтылат билдирүүдө.

Андыктан бийлик жарандарды мындай мыйзам бузууларга күбө болсо прокуратура, ИИМдин ички коопсуздук кызматына, Акыйкатчыга кайрылышын суранат. Эгер милиция тарабынан мыйзам бузууларга орун берилип, адам укуктары тепселенип жаткан болсо бийлик бул боюнча кескин чаралар көрмөкчү. (EK)

XS
SM
MD
LG