Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:15

Тажикстанда бир нече көз карандысыз басылма чыкпай калды


Жеке менчик Мушфики басылмасы «техникалык себептерден улам» бул гезиттерди баса албай тургандыгын билдирди. Басылманын башкаруучусу Умед Саттаров жумасына бир ирет чыгуучу «Пайкон», Озадагон», «СССР», «Миллат» жана «Боргохи Сухан» гезиттеринин редакторлоруна башка басмакана табууга кеңеш берген:

- Биздин жабдыктар бузулуп калды. Алар гезиттерин убактылуу башка жактан чыгарышсын. Бизде өз гезиттерибизди гана баса тургандай чакан басмаканабыз бар,- деди Саттаров "Азаттыктын" тажик кызматына.

Журналисттерди коргогон жергиликтүү бейөкмөт уюмдун өкүлү Мухтор Бокизоданын айтымында, эгер бийликтер же басмакана «техникалык» себептерди келтирсе, чындыгында маселенин саясий өңүтү болот.

XS
SM
MD
LG