Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:29

Москваны кара түтүн каптады, өрттөн өлүм көбөйүүдө


Москваны шаардын айланасында өрттөнүп жаткан токойлордон, айылдардан жана аскердик базадан келген кою түтүн каптап калды. Орусия боюнча болуп көрбөгөн ысыктан чыккан өрт акыркы аптада 48 кишинин өмүрүн алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги акыркы 24 саатта 300 жерде өрт өчүрүлгөнүн билдирди. Бирок дагы 400 жерде өрт башталып, 500 өрт очогу өчүрүлө элек. Алардын айрымдары көзөмөлдөн чыгып кетти. Өрт өчүрүүчүлөр Москванын жанындагы өтө жашыруун Саров өзөктүк изилдөө борборуна өрттү жолотпоого айрыкча күч жумшап жатат. Президент Дмитрий Медведев кечээ аскердик базаны тыйпыл кылган өрткө байланыштуу бир нече мартабалуу офицерди кызматтан алды.

XS
SM
MD
LG