Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Буудай түшүмү быйыл дүйнөдө күтүлгөндөн төмөн болот


Бириккен Улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба aгенттиги акыркы апталарда аба-ырайынын начардыгы түшүмгө кедергисин тийгизгендиктен, үстүбүздөгү жыл боюнча божомолун төмөндөткөндүгүн маалымдады. Азыр күздө 651 миллион тонна буудай жыйналат деп болжолдонууда. Бул июнь айындагы божомолдон 25 миллион тоннага аз. Ушул жумада Орусия эгин быйыл пландалгандай 80 миллион эмес, 70-75 гана миллион тонна болоорун билдирген. Күндүн катуу ысышынан улам Украина менен Казакстанда да түшүм төмөн болот деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG