Бул тууралуу “Азаттыкка” “Акыйкат” партиясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, бул эки партия парламенттик шайлоого биригип бир тизме менен барышат. Мындан ары “Акыйкат жана өнүгүү” партиясынын лидери Абдыжапар Тагаев “Акыйкат” партиясынын теңтөрагасы болот.
“Акыйкат жана өнүгүү” партиясы 2003-жылы Ишенбай Абдразаков, Мурат Иманалиев, маркум Салижан Жигитов сыяктуу белгилүү коомдук жана саясий ишмерлердин демилгеси менен түзүлгөн.
Ал эми “Акыйкат” партиясы 7-апрелден кийин мурдагы "Акыйкат үчүн" кыймылынын негизинде түзүлгөн. Партиянын лидери Аликбек Жекшенкулов. (КЕ)