Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Орус президенти Абхазияга колдоо убада кылды


Дмитрий Медведев Абхазияга колдоону Сухумидеги кечээги күтүүсүз сапары учурунда убада кылды. Ал эми Абхазияны өзүнүн бир бөлүгү катары эсептеген Грузия Дмитрий Медведевдин сапарын сынга алды. Медведев Сухумиде абхаз лидери Сергей Багапш менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Грузин өкмөт башчысынын орун басары Темур Якобашвилинин пикиринде, Медведевдин аймакка жасаган кечээги сапары токой өрттөрүнө кабылган мекениндеги проблемалардан коомдук пикирди алагды кылуу аракети болду. Орус президентинин Абхазиядагы сапары грузин-орус согушунун экинчи жылдыгына туш келди. Грузиянын күчтөрү андан ажырап кеткен Түштүк Осетияга 2008-жылдын 7-августунан 8-августка караган түнү чабуул койгон. Мунун артынан урушка Орусия тартылып, кийин Москва Түштүк Осетия менен Абхазияны көз карандысыз мамлекеттер катары тааныган.

XS
SM
MD
LG